БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Шаршемби күнү көпчүлүк аймактарда жаан жаап, Чүй, Талас өрөөндөрүндө жана тоо этектеринде карга айланышы, тоолордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Ага ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.
Чүй, Талас өрөөнүндө 4…9, Ош, Жалал-Абад жана Баткенде 9…14, Ысык-Көл менен Нарында 7…8 градус жылуу болот.
Бишкек менен Ош шаарларында жаан жаап, карга айланат. Абанын температурасы 8…14 градуска чейин жылыйт.