БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Белгилүү эл аралык гроссмейстер Найжел Шорт Кыргызстанга жасай турган сапарынын алкагында профессионал шахматчылар жана шахмат боюнча инструкторлорго мастер-класс өтөт. Бул тууралуу иш-чаранын уюштуруучулары маалымдады.
Мастер-класс 22-ноябрда Бишкектеги "Асанбай" кичирайонунда өтөт.
Маалыматка ылайык, шахмат сүйүүчүлөрү британиялык гроссмейстер менен шахмат ойноо мүмкүнчүлүгүнө да ээ болушат. Оюндар 24-ноябрда өтмөкчү.
Найжел Шорт 1984-жылы 19 жашында гроссмейстер аталып, бул наамды алган эң жаш шахматчы болгон. Ал Улуу Британиянын үч жолку чемпиону.