БИШКЕК, 7-ноя. — Sputnik. 8-ноябрда өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөй турганын Кыргызгидромет билдирди.
Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге чейин жетет.
Күндүз Ысык-Көл, Нарын, Талас, Чүй өрөөнүндө 12…17, Ош, Жалал-Абад, Баткенде абанын температурасы 14…19 градуска чейин жылыйт.
Ош шаарында күндүн табы 15…17 градуска чейин көтөрүлсө, Бишкекте 14…16 градуска чейин жетет.