Шаршемби күнү Бишкектин 15 көчөсү жарыксыз калат

© AFP / Thomas KienzleЭлектр лампасы. Архив
Электр лампасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өчүрүүгө подстанциялардагы оңдоо иштери себепкер

БИШКЕК, 7-ноя. — Sputnik. Эртең, 8-ноябрь күнү, Бишкектин айрым райондорунда электр жарыгы өчүрүлөрүн "Түндүкэлектр" ишканасынан билдиришти.

Жарык төмөндөгү райондордо болбойт:

9.30дан 19.00гө чейин Энесай жаңы конушунда;

9.30дан 17.00гө чейин Дубосековская көчөсү жана Аксай туюк көчөсү;

9.00дан 17.00гө чейин Панфилов № 13;

14.00дөн 16.00гө чейин "Ак-Өргө" жаңы конушу (Саманчынын жолу);

9.00дөн 12.00гө чейин Туюк, Луначарский, Островский жана Красная көчөлөрү;

9.00дөн 17.00гө чейин Ак-Өргө жаңы кошунунун Алыкулов, Кайберен көчөлөрү;

9.00дөн 17.00гө чейин "Ала-Тоо" жаңы конушунун Макмал, Улук-Тоо, Терек-Сай, Беш-Теңир, Белмазар көчөлөрү.

Маалыматка ылайык, өчүрүүгө подстанциялардагы ремонт иштери себепкер.

Жаңылыктар түрмөгү
0