Жарышка түшкөндөр 10 метр аралыкты жөрмөлөп өтүшү керек болчу. Ата-энелер баласынын марага биринчи келиши үчүн колдон келген бардык аракеттерин көрүштү. Башкы эреже — балдарды колго көтөрүп алдыга чыгарууга тыюу салынган.

Жөрмөлөгөн бөбөктөрдүн жарышы Бишкекте биринчи жолу өттү

Мелдешке 36 "жөө күлүк" катышты

Эркек бөбөктөр менен кыздар эки бөлөк жарышты

Бөбөктөрдү сүрөөнгө алгандар дагы болду

10 метр аралыкты биринчи жөрмөлөп өткөн бөбөк жеңүүчү деп табылды

Иш-чарага келгендер

"Жөө күлүк"

Ыйлап, чырдагандар да болду

Айрымдары минтип марага ишенимдүү кадам ташташты

Үчүнчү орунду багындыргандарга шейшеп белекке берилди

Экинчи келгендер бут кийим алышты

Ал эми чемпиондорго өзүнө жана апасына бут кийим белекке берилди