БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Нью-Йоркто теракт жасады деп айыпталып жаткан Сайфулло Саиповдун Кыргызстанга эч кандай тиешеси жок экенин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, Саипов Кыргызстандын жараны эмес. Ошондой эле Кыргызстандын чек арасынан эч качан өткөн эместиги маалыматта айтылат.
Эске салсак, шейшемби күнү жүк ташуучу чакан автоунаа Манхэттендин көчөсүнөн велосипед тепкендерди жана жөө кишилерди сүзүп, андан сырткары, мектептин автобусун дагы коюп кеткен. Кырсыктын айынан сегиз киши каза болуп, ондон ашыгы түрдүү жаракат алган. АКШ бийлиги бул окуяны теракт деп сыпаттады. Ал эми кишилерди сүзгөн айдоочу Өзбекстандан келген Сайфулло Саипов экени айтылууда. Шектүү киши полиция кызматкерлери тарабынан атылып, жаракат алган. Учурда ооруканада. Анын "Ислам мамлекети" террордук тобу менен байланышы бар экени маалымдалууда.