БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Баткендеги Тегирмен тоосундагы ишемби күнү чыккан өрт толугу менен эми өчүрүлдү. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.
"Баткен районунун Дара айыл аймагынын Кайыңды айылындагы Тегирмен тоосунун түндүк-чыгыш тарабындагы өрт 30-октябрда саат 15:00дө толугу менен өчүрүлдү", — деп айтылат маалыматта.
Тилсиз жоо менен күрөшүүгө 28-октябрда 15 куткаруучу жана жергиликтүү тургундардан 30 адам тартылган.
Өрттөн болжол менен 20 гектардагы куураган чөп күйгөн.