Баткендеги Тегирмен тоосу күйүп жатат

© Sputnik / Игорь Агеенко / Медиабанкка өтүүӨрт. Архив
Өрт. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өрттү өчүрүүгө 15 куткаруучу жана жергиликтүү тургундардан 30 адам тартылган

БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Баткен районундагы Тегирмен тоосунун түндүк-чыгыш тарабында куураган чөп күйүп жатат. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

"Учурда Баткен районунун Дара айыл аймагында жайгашкан Тегирмен тоосунун түндүк-чыгыш тарабынан өрт чыккан",  — деп айтылат маалыматта.

Тилсиз жоо менен күрөшүүгө райондук өрттөн куткаруу бөлүмүнөн 15 куткаруучу жана жергиликтүү тургундардан 30 адам тартылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0