БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Бишкекте сүрөтчү Александр Викторовдун "Палитра осени" аттуу көргөзмөсү болорун мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Маданий иш-чара 1-нобярда Семен Чуйковдун үй музейинде саат 11:00дөн тарта башталат.
Мэриянын маалыматына ылайык, Викторов белгилүү сүрөтчү, ал беш жолу өзүнүн көргөзмөсүн уюштурган. Анын иштери Түркияда, Германияда, Израилде, Австрияда, Словакияда, АКШда, Россияда, Казакстанда, Жаңы Зеландияда жана башка мамлекеттерде жогору бааланат. Жеке коллекционерлер өздөрүнө сатып алышат.