БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Бишкек шаарынын айрым аймагында төрт күнгө газ берилбей турганын "Газпром Кыргызстан" ишканасы билдирди.
Маалыматка ылайык, 30-октябрдан 3-ноябрга чейин Ибраимов, Москва, Калык Акиев көчөлөрү менен Чүй проспектисинин чектешкен аймагында жана Жибек Жолу проспектиси менен Сүйүмбаев, Түгөлбай Ата, Шопоков көчөлөрүнүн кесилишкен жеринде көгүлтүр от болбойт.
Оңдоо жана калыбына келтирүү иштери газ колдонуучуларды үзгүлтүксүз жаратылыш газы менен камсыз кылуу максатында жүргүзүлүүдө.