БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Япониялык киночулар Хисаши Йошизава менен Шуншек Дейто "Кайраттуулар бороону" аттуу фантастикалык тасма тартышканын Нollywoodreporter порталы жазып чыкты.
Фильмде 2050-жылы Токиодо болгон окуя баяндалат. Жер бетинен адамзатты кырып салган бөтөн планеталыктар тасмада кыргыздар деп айтылат.
Кыргындан аман калгандар баскынчылардын аскердик роботторду даярдоочу технологиясын уурдап чыгып, өткөн чакка жөнөшөт да, болочокто кыргыздарга туруштук берчү армия курайт. Ал эми Кызыл барон деп аталган аскердик роботтун ролун жаш мушкер ойнойт.
Кинематографисттердин расмий сайтында тасманын бет ачары 2017-жылдын 10-ноябрына белгиленгени жазылган.