БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Шаршемби күнү өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.
Чүй, Талас өрөөнүндө 10…15, Ош, Жалал-Абад жана Баткенде 13…18, Ысык-Көл менен Нарында 10…15 градус жылуу болот.
Бишкек менен Ош шаарларында жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы 14…16 градуска жылыйт.