БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. "Дордой" футбол клубунун капитаны, Кыргызстандын улуттук курама командасынын мурдагы оюнчусу Талант Самсалиев карьерасын жыйынтыктады. Бул тууралуу аталган клубдун маалымат кызматы билдирди.
37 жаштагы футболчу "Дордой" менен "Кара-Балта" командаларынын беттешинин алдында бут кийимин мыкка илип, футбол менен коштошту.
Самсалиев өзүнүн спорттук ишмердүүлүгүндө Азия футбол конфедерациясынын, өлкө биринчилигининин, Кыргызстан Кубогунун жана Суперкубогунун 393 оюнуна катышып, каршылаштарынын дарбазасына 23 топ киргизе алган.
Эми ал өзүнүн тажрыйбасы менен бөлүшүп жаш оюнчуларды тарбиялоо менен алектенет.
Самсалиев ошондой эле улуттук курама команданын капитаны дагы болгон. Оюн талаасына өткөн жылдын күз айларынын тарта чыкпай калган.