БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Дүйшөмбү күнү өлкө аймагында күн ачык болорун Кыргызгидромет билдирди.
Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге чейин жетет.
Чүйдө 16…21 градус жылуу болсо, Талас өрөөнүндө 15…20 градуска чыгат. Ош менен Жалал-Абад облустарында 18…23, ал эми Баткенде күндүн табы 17…22 градуска чейин көтөрүлөт. Ысык-Көл менен Нарында 12…17 градус жылуу болушу күтүлүүдө.
Бишкек менен Ош шаарында абанын температурасы 18…20 градуска чейин көтөрүлөт.