БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Кыргызстанда ич кийим менен колготкини чыгаруу көлөмү төмөндөп кетти. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин 2017-жылдын январь-сентябрь айындагы социалдык-экономикалык өнүгүүсү боюнча отчетунда айтылат.
Аталган убакыт аралыгында 6 миллиондон ашык колготки чыгарылган. Бул өткөн жылдын январь-сентябрь айына салыштырмалуу 700 миңге аз.
Ошондой эле ич кийим дагы былтыркыга салыштырмалуу 362 миңге аз тигилген. Башкача айтканда быйыл тогуз айдын ичинде 5 миллион 965,9 миң ич кийим чыгарылган.
Анткен менен шейшеп жана кийимдерди чыгаруу көлөмү көбөйгөн (203,6 миң даана).