БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Орус-кыргыз өнүктүрүү фондусуна жетекчи болуп Эркин Асрандиев дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Тийиштүү жарлыкка премьер-министр Сапар Исаков кол койгон.
"Фонддун жамаатына Эркин Асрандиевди биринчи вице-премьерТолкунбек Абдыгулов тааныштырды", — деп жазылат маалыматта.
Асрандиев буга чейин аталган фонддун башкаруучулугунун мүчөсү болчу.
Фонд жетекчилигинин орду Кубанычбек Кулматов Улуттук банктын жетекчилигине дайындалгандан кийин бош калган.