БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Узаган жумада Бишкекте дагы бир "Кыргызстан сулуусу — 2017" сынагы болуп өттү. Атайдын "Адем" бий тобу малайзиялыктарды таң калтырды. Ал эми шайлоонун шарапаты менен эл Өмүрбек Бабановдун буга чейин ачыкка чыкпаган үй-бүлөсү жана Сооронбай Жээнбековдун кызы менен тааныша алды.
1. Президентке кайрылуу. "Кыргызстандын тарыхына татыктуу президент болуңуз!", "Сенин үй-бүлөңдө 6 миллион адам бар экенин унутпа!" Ушул сыяктуу чакырыктар менен элге таанымал ар тармактагы жаштар жаңы президентке кайрылуу жолдошту.
2. Жарк эткен ханбийке. Шайлоонун алдын ала жыйынтыгы менен Сооронбай Жээнбеков алдыга чыкты. Ал арада соцтармакка келечектеги ханбийкенин сүрөтү чыгып элдин көңүлүн бурду.
3. Бабановдун үй-бүлөсү. Президенттикке талапкерлигин койгон Өмүрбек Бабанов буга чейин коомчулукка алып чыккысы келбеген үй-бүлөсүн элге тааныштырды.
4. Үй-бүлө демекчи… КРдин эмгек сиңирген артисти Гүлжигит Калыков алгачкы ирет ата болду. Ал уулунун атын Умар койгон.
5. Дагы бир сулуу тандалды. Кечээ Кыргызстан жаңы президентине кошуп дагы бир чүрөк кызын тандады. Шайлоо кызып жатканда 17 жаштагы Аделина "Кыргызстан сулуусу — 2017" сынагын жеңип автоунаалуу болду.
6. Кыргызстан сулуусунун презентациясы. Ал эми дүйнө сулуусу болууга аттанып жаткан Бегимай Карыбекова өзүн-өзү тааныштырган видеосун жарыялады. Видеодо бийкечтин сулуулугу менен Кыргызстандын ажайып жерлери айкалышып тартылган.
7. Малайзия таң калганда… Белгилүү бийчи Атай Өмүрзаковдун "Адем" бий тобу Малайзиядагы "Азия таланттарды издейт" сынагына катышып көрүүчүлөрдү таң калтырды. Алар калыстардын "эмне көрсөтөсүңөр?" деген суроосуна "мындайды буга чейин көргөн эмессиңер" деп бийлей башташкан. Аягында калыстар ага ынанып чынында мындайды көрбөгөнүн моюндашкан.