БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Шейшемби күнү өлкө аймагында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Ага ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.
Чүй, Талас өрөөнүндө 18…23, Ош, Жалал-Абад жана Баткенде 21…26, Ысык-Көлдө 13…18, Нарын облусунда 14…19 градус жылуу болот.
Бишкек менен Ош калаасында жаан чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы 25…26 градус жылыйт.