БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев Кыргызстандын президенти болуп шайланган Соооронбай Жээнбековго телеграмма жолдоду. Бул тууралуу Акорданын маалымат кызматы билдирди.
Назарбаев Жээнбековду жеңиши менен куттуктап, анын жетекчилигинде Кыргызстан ийгиликтерге жетерине ишенерин билдирген.
"Кыргызстан менен Казакстандын кызыкчылыгын көздөгөн эки тараптуу кызматташуу мындан ары дагы жакшырарына ишенем. Жоопкерчиликтүү кызматта ден соолук жана ийгилик коштосун. Ал эми бир тууган кыргыз элине ачык асман жана бейкутчулук каалайм", — деп телеграммада айтылат.
Президенттик шайлоо жекшемби күнү, 15-октябрда өттү. Добуштарды кол менен саноонун алдын ала жыйынтыгы боюнча Жээнбеков 52,55 пайыз добуш алган.