Догоев: техниканын иши үзгүлтүккө учураган жок
Шайлоо учурунда техника жакшы иштегендигин Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Дастан Догоев Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.
Эске сала кетсек, 15-октябрь күнү Кыргызстанда президенттик шайлоо өттү.
"Шайлоочулардын тизмеси боюнча бир канча арыздар бар. Булар көбүнчө №2 форма боюнча түшкөн арыздар. Азыркы убакта ошол арыздарды текшерип жатабыз. Мындан сырткары, техникаларыбыз жакшы иштеп, натыйжа берди. Кыйынчылыктар болгон жок", — деди Догоев.
Ал шайлоо учурунда 20 миңге жакын адам иштегендигин кошумчалады.