БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Кыргызстандын бардык аймактарындагы шайлоо участкаларында техникалык маселелердин бардыгы чечилди. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр, шайлоо боюнча республикалык штабдын башчысы Толкунбек Абдыгулов маалымат жыйын учурунда билдирди.
Ал ошондой эле саат сегизде бардык шайлоо участкалары ачылып, штаттык режимде иштеп жатканын белгиледи.
"Эч кандай мүчүлүштүктөр азырынча катталган жок. Эртең мененки саат жетиде республикалык штабдын жыйыны болду. Ага бардык облустун жетекчилери жана Ош менен Бишкек шаарынын мэрлери катышты", — деди ал.
Абдыгулов андан сырткары, 14-октябрь күнү мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар добуш бергенин айтып, анда эч кандай мыйзам бузуулар катталбаганын кошумчалады.
Учурда өлкө боюнча 2 375 шайлоо участкасы иштеп жатат. Анын 234ү Бишкекте жайгашкан.
Эске салсак, Мамлекеттик каттоо кызматы 3 миллион 25 миң 768 адам добуш бере тургандагын кабарлаган. Шайлоо учурунда техникалык колдоо көрсөтүүчү 500 адис иштейт, ал эми шайлоо участкаларындагы ишке кошумча 200 кызматкер тартылат. Муну менен бирге жеринде талаш маселелерди чече турган ыкчам топ иш алып барат.
Өлкө аймагында президенттик шайлоо кандай өтүп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттигинин тексттик трансляциясынан окуңуздар>>