БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Бейшемби күнү республика аймагында күн ачык болоорун Кыргызгидромет кабарлады.
Ага ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.
"Бишкек, Ош шаарларында жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы 22…23 градуска жылыйт", — деп жазылат маалыматта.
Чүй, Талас өрөөнүндө 17…22, Ош, Жалал-Абад жана Баткенде 20…25, Ысык-Көл менен Нарында 14…19 градус жылуу болот.