БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Шаршемби күнү өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөй тургандыгын Кыргызгидромет кабарлады.
Ага ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.
Чүй, Талас өрөөнүндө 13…18, Ош, Жалал-Абад жана Баткенде 20…25, Ысык-Көл облусунда 13…18, Нарын аймагында 14…19 градус жылуу болот.
Ош жана Бишкек шаарларында күн ачык болуп, күндүн табы 22…23 градуска чейин көтөрүлөт.