БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Борбор калаанын Шабдан баатыр менен Исакеев көчөлөрүнүн кесилишиндеги жол кырсыгы боюнча милиция маалымат берди.
Окуя 9-октябрда болжол менен саат 22:02 чамасында болгон.
"Honda CR-V унаасынын айдоочусу Ахунбаев көчөсү жактан келе жаткан, ал эми Toyota Rav-4 түндүк жакка бурулуп кетиш үчүн каршы тилкеге чыга калган. Анын кесепетинен экөө кагышып, Honda CR-V андан ары барып түркүктү сүзгөн. Honda CR-V унаасынын 29 жаштагы жүргүнчүсү маңдайкы терезеден ыргып кеткен. Ал Тез жардам кызматы менен ооруканага жеткирилген", — деп айтылат маалыматта.
Honda CR-V унаасын 18 жаштагы жигит, Toyota Rav-4 машинасын 23 жаштагы кыз башкарып бара жаткан. Айдоочулары оор жаракат алган эмес. Наркология бөлүмүнөн экөөнүн тең ичимдик ичпегени аныкталган.