БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Кыргызстандын футболчулары Мьянма мамлекетинин курама командасы менен болгон беттешке вице-премьер Темир Жумакадыровго аза күтүп кара тасма менен чыгышты. Бул тууралуу КР Футбол федерациясынын маалымат кызматы билдирди.
Азия кубогу – 2019 оюндарынын тандоо раундарынын алкагында болуп жаткан беттеш Янгон шаарында өтүүдө.
Эске салсак, вице-премьер Темир Жумакадыров 7-октябрда жол кырсыгынан каза болуп, 9-октябрда Бишкектеги "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлду.
Sputnik Кыргызстан агенттигинин сайтынан эки команданын беттешин түз көрүңүз>>