БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. Шейшемби күнү өлкө аймагында жаан-чачын болбой тургандыгын Кыргызгидромет билдирди.
Ага ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.
Чүй менен Талас өрөөнүндө 15…20, Ош, Жалал-Абад жана Баткенде 17…22, Ысык-Көлдө 13…18, Нарын облусунда 15…20 градус жылуу болот.
Борбор калаада күндүз жаан-чачын болушу мүмкүн. Абанын температурасы 18…20 градус жылыйт. Ошто болсо күн ачык болуп, 20…22 градус жылуу болот.