БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев 5-сентябрда кабыл алынган кыргыз-өзбек чек арасы жөнүндөгү келишимди ратификациялоо боюнча мыйзамга кол койду. Бул тууралуу маалымат мамлекет башчынын сайтына жарыяланды.
Аталган мыйзам 28-сентябрь күнү Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.
Келишимдин негизги максаты эки өлкөнүн чек арасын тактоо болуп эсептелет. Ага ылайык, чек аранын 1170,53 чакырымы, башкача айтканда, 85 пайызы такталган.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Чек аранын 85 пайызын тактоо боюнча келишимге Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин 5-6-сентябрда Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында кол коюлган.