БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Жааган жамгырдан улам Бишкек шаарынын бир катар аймактарында жана жаңы конуштарда электр энергиясы өчкөнүн "Түндүкэлектр" ААКтын маалымат кызматы билдирди.
29-сентябрда эртең менен Родникова, Жапаров, Ала-Арча, Түштүк, Новая, Кара-Суу көчөлөрүндө жана Маевка, Комту, Жал, Сарбан, Манас айылынын түштүк-батыш тарабында жарык өчүп калган.
Ошондой эле "Калыс-Ордо" жаңы конушунун түндүк жагында, "Ак-Босого" конушунун түштүк бөлүгүндө электр энергиясы жок.
Окуя болгон жерлерде атайын бригадалар иштеп жатат. Жарык качан берилери азырынча белгисиз экенин компаниядан маалымдашты.