БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Жогорку Кеңеш президенттик шайлоого чейин пленардык жыйындарын өткөрбөйт. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, комитеттердин жана фракциялардын жыйындары улана бермекчи. Ал эми шаршемби жана бейшемби күнкү отурумдар шайлоодон кийин өтөт.
Бул кадам депутаттардын региондордо иш алып баруусу үчүн жасалгандыгын маалымат кызматы кошумчалады.
Эскерте кетсек, президенттик шайлоо 15-октябрь күнү өтөт.