БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Бишкекте беткапчан эки кыз сатуучуну тоноп, бирөө кармалганын шаардык милициянын маалымат кызматы билдирди.
Окуя 27-сентябрда саат 14.30дар чамасында катталган.
Кыздардын бири сатуучуну жоолук менен муунткан, бул убакта экинчиси кассадан алты миң сом алып, изин жашырышкан.
Милиция кызматкерлери шектүү катары 20 жаштагы кызды кармап, жанынан жоолук менен медициналык беткапты табышкан. Учурда анын шериги изделип жатат.
Аталган факты боюнча "Карактоо" беренеси боюнча кылмыш иши козголду.