БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Бишкекте токтоп турган Volvo үлгүсүндөгү жүк ташуучу унааны Mercedes жеңил машинасы сүзүп өрттөнүп кеткен. Анын кесепетинен экинчи унаанын айдоочусу каза тапканын ӨКМ билдирди.
Маалыматка ылайык, кырсык борбор калаанын Чүй проспектиси менен Лермонтов көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Маркум 36 жашта экени белгилүү болду.
Куткаруучулар каза болгон жарандын сөөгүн машинадан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.