Назаралиева: Ошто иштеп популярдуулукка жетүү кыйын
Ошто эмгектенген ырчылардын популярдуулукка жетүүсү бир топ оор. Бул туурасында ырчы, актриса Венера Назаралиева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек берип жатып билдирди.
"Жаш таланттар жардам сурап кайрылганда "ой, биринчи өзүм жылдыз болуп алайынчы" деп тамашалайм. Чынында биз продюссер, менеджери жок жалгыз иштейбиз. Мындан сырткары, үй-бүлөлүк жумуштарды да алып кетебиз. Анан да маалыматтык колдоо жок болгондуктан популярдуулукка жетүү бир топ оор. Азыр дагы жакшы, интернеттин жардамы менен эмгектерибизди жайылтып калдык. Бирок баары бир Бишкекте жашаганда жакшы болор беле дейбиз", — деди Назаралиева.
Венера Назаралиева менен болгон маекти толугу менен Sputnik Кыргызстан агенттигинин даярдаган материалынын окуңуздар>>