Венера Назаралиева: өзүнөн жаш күйөөгө тийип алыптыр деген кептерди көп угам

© Фото / CinemArt ProductionЭстрада ырчысы Венера Назаралиева. Архив
Эстрада ырчысы Венера Назаралиева. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эгер Ош тарапка барып ырчы издесеңиз эң биринчи эле Венера Назаралиеваны сунушташат. Анын кыз узатуу, сүннөт той, үлпөт той дегеле тойлордун бардык түрүнө арналган ырлары бар.

Бүгүнкү каарман кесиби боюнча актриса. 16 жылдан бери Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында иштеп келет. Ага удаа эле ырчылыкты да кошо алып кетүүдө.

Ырчы жана актриса Венера Назаралиева менен Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Эламан Карымшаков баарлашты.

— Ар бир адамдын алгачкы эмгектери эсинде сакталып калат эмеспи. Чыгармачылыкка таштаган алгачкы кадамдарыңыз тууралуу айтып берсеңиз?

— Балалыгым фестиваль, кароо-сынактарга катышуу менен өттү. Ал убакта дастан айтчумун. Мектепти бүткөндөн кийин Ош шаарына келип театрдын "Миң-Кыял" эстрада тобунда иштедим. Кийинчерээк режиссер Талант Акыев роль берип спектаклдарга чыгара баштады. Мезгилдин агымына жараша фольклор, эстрада ырларын аткарып калдым.

Бул той ээлеринин каалоосу,оздору уюштурушкан, мен жон эле ырдадым жакпаса корбой отуп кетиниздер.

Публикация от Венера Назаралиева🎙💫 (@venera_nazaralieva_official) Авг 19 2017 в 11:32 PDT

— Тойго ылайыкташтырып да атайын ыр жаздырасыздарбы?

— Азыркы ырчылар сонун мезгилде жашап жатабыз дээр элем. Анткени мурда айлап гостролго чыгып күнүнө 50 сомдон алчубуз. Азыр концерт коюу менен эле чектелбей элдин жакшылыктарында да кызмат кылып калдык. Андыктан тойлорго ылайыкташтырып ыр жаздырууга туура келет экен.

— Бир күндө канча тойго барып ырдайсыз?

Тамада Аман Ибраев - Sputnik Кыргызстан
Тамада Аман Ибраев: кыз-күйөөсү, жада калса кудасы жок той алып баргам
— Эгер шаар ичинде болсо 6-7 тойго жетишебиз. Андан да көп чакыруулар болот, бара албай калабыз. Ошол эле учурда өзүнө жараша чыгымдары болот. Мисалы бир эле ырды жаздыруу үчүн 450-500 доллар керектелет. Клип тарттырсаң анын да өзүнчө баалары бар. Мындан тышкары, эл бир эле көйнөгүн кие берет дебесин деп улам жаңы кийимдерди тиктирип турабыз. Бир көйнөгүбүз эле 10 миң сомдон жогору турат. Мисалы март айында берген концертиме төрт көйнөктү 100 миң сомго тиктирдим. Мындай чыгымдарыбызды билбегендер "күнүгө акча табат, анын баарын каякка жумшайт" деп ойлошот.

— Тойдо жар-жар айтуу менен жөнөкөй ырды аткаруунун айырмасы кандай?

— Жөнөкөй ырды аткарып жатканда анча сүрдөбөй өзүңдү эркин алып жүрө аласың. Ал эми жар-жар айтуу өтө опурталдуу. Биринчиден кечикпей убагында барышың керек. Экинчиден ресторан толо элдин көз алдында эки жашты босогондон төргө жеткенге чейин коштоп барасың. Күнүгө ошол нерсени кайталасак да баари бир толкундануу болот. Балким бул чоң жоопкерчиликти моюнга алгандан болсо керек. Бир жолу эки жашты ак өргөгө отургузуп артка кайтып жатсам официанттар ортого салынган ак төшөмөлдү тарта койду эле чалкамдан жыгылып кете жаздап оператор балага жөлөнүп токтоп калгам. Дагы бир жаш ырчы жар-жар айтып кирип келе жатканда музыкасы өчүп калган экен уялганынан эки жашты ортого таштап качып кетиптир.

— Жар-жар айтып кирип келе жатканда тойдун күнөөкөрлөрүн өздөрүн кандай алып жүрүшү керек?

— Эки жашты алып кирердин алдында аларга эрежелерин айтып түшүндүрөбүз. Негизи эл адына киргенде кыз-күйөө гана жүгүнүүсү шарт. Кээде артындагы дос-курбулары да жүгүнүп алган учурлар кездешет. Бир жолу эки жашты ак өргөгө отургузайын деп кол жаңсап көрсөтсөм күйөө бала да мени кайталап колун көтөрүп туруп алды. Ырдап жатып айта албай күлкүм келип жанына барып түртүп түшүндүрдүм.

— Ырчылар менен тамадалар көбүнчө убакыт бөлүшө албай калат эмеспи. Күнүнө 6-7 тойго жетишүү үчүн убакытты кандай пайдаланасыз?

— Ошто чыгармачыл инсандардын башын бириктирген "Азем" борбору түзүлгөн. Өзүбүздүн WhatsApp тайпабыз да бар. Ал аркылуу кайсы ресторанда, кайсы тамада болорун билип алдын ала убактыларын тактап алабыз. Бул жагынан бизде анча маселе жаралбайт.

— Тойдо ыңгайсыз абалдан чыга албай калган учурлар болду беле?

— Бир жолу үкү топу кийип ырдап жаткам. Тойду Жеңишбек Айтиев алып барып жаткан. Бир убакта ал артымдан "Кавказ туткуну" тасмасындагы Моргуновдун ролун жаратып, бир нерседен коркуп артка качып жүрөт. Эч нерсени түшүнбөй таң кала ырдай бердим. Отурган эл каткырып жатат. Анан эле келип менин башымды кармап калды. Көрсө, топумдун үкүсү түшүп калган экен аны алып келип башыма сайып жатыптыр.

© Фото / CinemArt ProductionВенера Назаралиева: бизди тойдо эле ырдайт деп ойлоп калбаңыздар. Майрамдарда шаардык мэрия уюштурган концерттерге катышып турабыз. Былтыр Өзбекстанга кыргыз делегациясы менен барып келдик. Жакында эле "Достук" кыргыз-өзбек чек арасынын ачылышанда да өнөрүбүздү тартууладык
Эстрадная певица Венера Назаралиева - Sputnik Кыргызстан
Венера Назаралиева: бизди тойдо эле ырдайт деп ойлоп калбаңыздар. Майрамдарда шаардык мэрия уюштурган концерттерге катышып турабыз. Былтыр Өзбекстанга кыргыз делегациясы менен барып келдик. Жакында эле "Достук" кыргыз-өзбек чек арасынын ачылышанда да өнөрүбүздү тартууладык

— Ошто жашаган таланттардын популярдуулукка жетүүсү кыйын болот дешет…

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, актриса Шайыр Касымалиева - Sputnik Кыргызстан
Шайыр Касымалиева: жеке да, чыгармачыл да жашоом татаал болду
— Ооба, жаш таланттар мага да кайрылып жардам сурашат. Аларга "ой биринчи өзүм жылдыз болуп алайынчы" деп тамашалайм. Биз продюссер, менеджери жок жалгыз иштейбиз. Мындан сырткары, үй-бүлөлүк жумуштарды да алып кетебиз. Анан да Ошто маалыматтык колдоо жок болгондуктан популярдуулукка жетүү бир топ оор. Ал эми Бишкекте телеканал, радио жана гезиттер көп болгондуктан артисттер ар кандай долбоорлорго катышып турушат. Биз борбор калаадагы XXI кылымдын жылдыздары долбооруна гана катыша алабыз. Калганына эмнегедир чакырышпайт. Белгилей кетсем, бул жактагы артисттер популярдуу болбогону менен талант жагынан камчы салдырбайт.

— Балким сиздер аракет кылбай жатасыздар…

— Ой аракет деле жасап көрдүк. Көгүлтүр от сыяктуу берүүлөргө барайын десең деле кошушпайт. Ага чыгып ырдоо үчүн да баалары бар экен. Айтса аны деле төлөмөкпүз. Балким буга биздин Ошто жашап калганыбыз себептир…

Баса, бизди тойдо эле ырдайт деп ойлоп калбаңыздар. Майрамдарда шаардык мэрия уюштурган концерттерге катышып турабыз. Былтыр Өзбекстанга кыргыз делегациясы менен барып келдик. Жакында эле "Достук" кыргыз-өзбек чек арасынын ачылышанда да өнөрүбүздү тартууладык.

Майрамынар мн достор😍

Публикация от Венера Назаралиева🎙💫 (@venera_nazaralieva_official) Фев 14 2017 в 1:13 PST

— Эми кептин нугун жеке жашооңузга бурсак. Туулуп өскөн жериңиз, үй-бүлөңүз туурасында айтып берсеңиз?

— Мен Аксы районунун Кербен айылында туулгам. Апам турмуш-тиричилик комбинатында тигүүчү болуп, атам өмүрү өткөнчө энергетика тармагында эмгектенген. Тилекке каршы учурда атабыз арабызда жок. Үй-бүлөдө төрт кыз бир уул болчубуз. Жалгыз иним атабыз ооруп калганда анын ордунда иштеп жүрүп трансформатордогу токко тартылып 20 жашында каза болуп калды.

— Канча жашыңызда турмуш жолуна аттандыңыз?

— Мектепти бүткөндөн кийин эле 18 жашымда өзүмдүн бөлөмө турмушка чыккам. Ошондуктан кайната менен кайненемди азырга чейин мурда көнүп калгандай эле эже-жезде дейм. Кайнене-кайнатам чыгармачылыгымды колдошот. Убагында иштеп алгыла деп балдарыбызды да карап беришти. Жолдошум өзүнүн чакан бизнеси менен алектенет. Экөөбүздүн жашыбыз тең болгондуктан ал менден жаш көрүнөт. Көчөдө бара жатсак тааныбагандар "ии бул иниңизби" деп көп сурашат. Жолдошум десең анан "иий ушундай жашпы?" деп таң кала беришет. Кээде ар бирине түшүндүрүп отурбай "ооба иним" деп коём. Учурда эки кыз бир уулубуз бар.

Балдардын майрамында

Публикация от Венера Назаралиева🎙💫 (@venera_nazaralieva_official) Июн 16 2016 в 1:12 PDT

— Сын пикирлерге кандай карайсыз?

Танцовщица и актриса Назбийке Айдарова - Sputnik Кыргызстан
Актриса Назбийке: баарынан баш тартып жолдошум менен айылда жашоого даярмын
— Концертимде тааныштарым отурса алдыдагылар "Венера мурунку күйөөсү менен ажырашып кеткен. Азыркы күйөөсү ошон үчүн жаш да" деп сүйлөшүп жатышыптыр. Мен терс пикирлерди анча көтөрө албайм. Ушул жагынан Самара Каримовага даңк жана дүңк демекмин. Бардык нерсени көтөргөн азамат кыз экен. Мен жаман пикир уксам эле чүнчүп, ыйлагым келип араң өзүмө келем. Жакында эле кошунам уулунун сүннөт тоюн өзгөчө өткөрөйүн деп баласын замбарга көтөрүп алып кирди. Анда ырдаган видеону социалдык баракчама жүктөп койсом "кылбаганыңар ушул эле калды эле, эл араң насыя алып той өткөрүп жатат" деген сыяктуу пикирлерди жазып, мага таш ыргыта башташты.

— Негизи эле "элден кем болбойлу" деп насыя алып той өткөргөн учурларга күбө болдуңуз беле?

— Өткөндө бир жигит чалып "Венера эже сиздин кыз узатууга арналган ырыңызды жакшы көрөбүз, карындашымдын кыз узатуусуна арзаныраак келип бериңизчи, кудалардын астында уят болбойлу деп зорго той өткөрүп жатабыз" деди. Аны угуп аябай жаман болуп "макул андай болсо бекер эле ырдап берейин" десем аябай сүйүнүп калган. Кайра уялдыбы же той болбой калдыбы эмнегедир чалган жок. Бирок биз күркүрөгөн тойлорго көп күбө болобуз. Кыштын күнү Кыргызстанда жок жемиштерди алып келип дасторкон толтургандарды да көргөнбүз.

Жаңылыктар түрмөгү
0