Аңдышып отуруп ажырашкан эрди-катын, жок баласын издеген эне. Детективдин маеги

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүФотограф на смотровой площадке на крыше башни "Око"
Фотограф на смотровой площадке на крыше башни Око - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Күйөөсү көзүнө чөп салып жатат деп шектенген аял тыңчы жалдап, колуна тийген маалыматты ажырашууда сотто далил катары пайдалангысы келген... 30 жыл бою кызынын уурдалганына ишенбей жашаган эне да изкубарларга кайрылган... Бул баяндарды Sputnik Кыргызстандын кабарчысы Светлана Федотова тыңдады.

Мурдагы милиционерлер Улумбек Улукахунов жана анын шериги Эдил жеке изкубарлар кандай иштер менен алектенерин айтып берип, алардын кызматы туурасындагы бир нече көндүм пикирлерди да жокко чыгарышты. Жеке коопсуздугу үчүн экинчи маектешибиздин аты-жөнүн жашырдык, сүрөтүн чыгарбадык. 

© Sputnik / Максат ЭлебесовДетектив Улумбек Улукахунов: маалыматы топтолуп жаткан адам ызы-чуунун же шантаж курмандыгына айланып калбашы биз үчүн маанилүү. Мындайда эң коркунучтуу кылмыштар болуп кетиши мүмкүн, андай ишке аралашууну каалабайт элек
Детектив Улумбек Улукахунов - Sputnik Кыргызстан
Детектив Улумбек Улукахунов: маалыматы топтолуп жаткан адам ызы-чуунун же шантаж курмандыгына айланып калбашы биз үчүн маанилүү. Мындайда эң коркунучтуу кылмыштар болуп кетиши мүмкүн, андай ишке аралашууну каалабайт элек

— Изкубарлык агенттикти ачууга кандайча батынып калдыңыздар?

Эдил: Документ боюнча биздин ишкана "Видок" жеке издөөчү кеңсеси деп аталат. Агенттиктин аталышы баягы эле көндүм, эч өзгөчөлүгү жок болгондуктан башка ат издөөгө аргасыз болдук. 2014-жылы ачылган, ошондон бери кызуу иш жүргүзүп келет.

Сотрудники ГСИН следственного изолятора в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Кыз ала кача коем деп 12 жылга кесилип кетти... Абак кызматкерлери менен маек
Бул долбоорго киришкенибиздин себеби жөпжөнөкөй: жумуштан кетип, пенсияга чыкканда же органдан өз ыктыярың менен кеткенде ыкчам кызматкерлер кайда барарын билбейт. Башкалардай алар кыш кое албайт, тамдын чатырын жаап көргөн эмес, бул иштин ыгын билсе деле, мындай иштердин тажрыйбалуу усталары арбын.

Милиционерлердин колунан кайсы иш келет? Издек салынгандарды табуу, маалымат топтоо, аңдуу. Дал ошол себептен улам ушундай ишкана ачканбыз, анан да адамдарды издөө, аңдуу жана кылмышкерлерди издөө боюнча сапаттуу кызмат көрсөтүүгө талап бар эмеспи.

— Адатта кардарларыңар кандай өтүнүч менен кайрылышат?

Эдил: Адамдар өндүрүлбөй келаткан карыз көйгөйүнө көп тушугат. Укук коргоо органдарына кайрылууну каалашпайт, болгону бересе болгон кишинин абалы кандай экенин гана билгилери келет. Түзүлгөн келишим боюнча маалымат топтоп беребиз.

— Карызкорлорду кантип табасыздар?

— Биздин өз ыкмаларыбыз бар, баары жөпжөнөкөй — кадимки тузак, сырттан байкоо.

— Андан кийин кардарлардын дооматтарын аларга коесуздарбы?

Бетин жаап турган кыздын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Атасы зордуктаган наристе кыздын айтып бергени сотту да ыйлаткан. Адвокат менен маек
Улумбек: Жок, биздин кеңсе коллектордук агенттик эмес. Жалдоочу менен биздин бардык ишмердигибизди, ошондой эле убактылуу өнөктөштөрдүн аракеттерин камтыган келишим түзөбүз. Маалыматы топтолуп жаткан адам ызы-чуунун же шантаж курмандыгына айланып калбашы да биз үчүн маанилүү. Мындайда эң коркунучтуу кылмыштар болуп кетиши мүмкүн, андай ишке аралашууну каалабайт элек.

Келишимге ылайык, биздин милдет – объект туурасында маалымат топтоп, кардарга тапшыруу. Булардын баары өлкө мыйзамдарынын чегинде жүрөт.

Көбүнчө биздин кызматтан милицияга эбак арыз менен кайрылгандар пайдаланышат. Иш тезирээк чечилишин каалашат. Андай шартта органдар менен да кызматташабыз, маалымат бөлүшөбүз. Кыргызстандын жекече детективдик жана күзөт ишмердиги жөнүндө мыйзамы боюнча тартип бузган объектини колго түшүрүүгө акыбыз жок. Ошондуктан ыкчам кызматкерлерге кайрылууга тийишпиз. 

© Sputnik / Максат ЭлебесовДетектив Улумбек Улукахунов: көбүнчө биздин кызматтан милицияга эбак арыз менен кайрылгандар пайдаланышат. Иш тезирээк чечилишин каалашат
Детектив Улумбек Улукахунов - Sputnik Кыргызстан
Детектив Улумбек Улукахунов: көбүнчө биздин кызматтан милицияга эбак арыз менен кайрылгандар пайдаланышат. Иш тезирээк чечилишин каалашат

— Бул тармак тууралуу мыйзам канчалык ийкемдүү? Ишмердигиңиздер мыйзамда каралганы мага ачылыш болду?

Эдил: Мыйзам бар. Бул маалымат ачык, эгер кимде ким таанышкысы келсе, таба алат.

Улумбек: Детективдерге берилген укуктун аздыгы — башка кеп. Бирок муну парламенттин деңгээлинде чечүү талап кылынат, бир маекте бар тарабынан түшүндүрүп бере албайсың.

— Иш учурунда курал колдонууга аргасыз кылган учур болгон беле?

Эдил: Бактыга жараша, андайга кабылган эмеспиз. Эгер жанымда тапанча алып жүргөнүм сизге одоно көрүнүп жатса, бул жеке коопсуздук үчүн гана деп билиңиз. Мурдагы ыкчам кызматкермин, кылмышка аралашкан адамдар менен далай бет келишкенбиз.

— Иликтеген иштериңиздердеги кызыктардан айтып берсеңиздер…

Эдил: Негизи ишибиз абдан кызык, бирок дароо айтып коеюн, сериалдын окуяларын күтпөңүз (күлүп).

Профайлер-верификатор, подполковник милиции Арсланбек Камчыбеков - Sputnik Кыргызстан
Калпты аныктоочу адис Камчыбеков: ич кийимине алтын каткан аялды алыстан билгем
Детектив экенибизди укканда адамдардын оюна адеп көзүнө чөп салгандарды кармай тургандар келет. Бирок кээде андай иштерди да аларыбызды танбайм. Болжол менен бир жарым жыл мурда бизге жолдошунун ала жипти аттап жүргөнүн шектенген аял кайрылды. Күйөөсү да, жубайы да Кыргызстандын аймагында белгилүү инсандар. Объектини аңдый баштадык. Шектенүүлөрүн тастыктаган маалыматтарды топтоп кардарга бердик. Андан кийин ал ажырашууга арыз жазды.

Убакыт өткөндөн кийин бизге бир кардар кайрылды. Жолуксак, баягы аялдын жолдошу чыкпаспы. Адегенде коркута баштайт го дегенбиз, анын аброю менен андай нерсени күтсө болот эле. Бирок ал аялын юридикалык жактан ким мынчалык такшалтканын, тагыраак, жактоочусу ким экенин гана билгиси келиптир. Ажырашканда аялы мүлктүн көп бөлүгүн каалаган экен. Объект менен биздин кызматкерди жолуктурдук, ал өзү баарын детективге айтып берди. Ага сүрөт жана видео далил тиркеп тапшырдык. Кардар ыраазы болду, биз өз ишибизди аткардык.

Улумбек: Дагы бир кызык иш болгон. Аял көп жылдан бери Европада иштеп, жакшы акча таап келет. Кыргызстанга келгенинде бир киши менен таанышып, бирге жашап калышат. Бир нече айдан кийин ал акчасын уурдап жоголуп кетет.

Кардарга милицияга кайрылууга кеңеш бердик, баары акыйкат чечилсин дедик. Ыкчам издөө иштеринен кийин ал киши аялдардын эсебинен жашаган, эл аралык издөөдөгү жана баңгизат колдонгон жаран болуп чыкты. Чогуу жашап жүргөн маалда да аялдын акчасын уурдап, кийим сатып алып, ресторанга да барып жүргөн. Кийин 10 миң долларын уурдап качып кеткен. Соңунда биз аны таптык. Толук маалыматты ачыктай албайбыз, бирок ал киши азыр камакта.

— Чындыкты билгенден кийин кардарлар кандай абалда болушат?

Эдил: Чындык дайым биз каалагандай чыга бербейт эмеспи, ал эми бул кандай абалга саларын түшүнөсүздөр да. Биздин милдет – бул нерседен чоң чыр чыгып же бир балээге айланып кетпешине көз салуу. Бир кардарыбыз эгер аялы көзүнө чөп салып жүргөнү чын чыкса, "кылмыш" болгон жерде баарын өз көзү менен көрүүнү өтүнгөн. Суранычын аткардык. Ал кыйкырып, мейманкана бөлмөсүнүн жарымын талкалаган… Андан кийин аймактык милиционер менен байланышып, иштин чоо-жайын түшүндүрүп, үй-бүлөгө көз салып туруусун суранганбыз.

— Көп жыл мурда болгон окуяны териштирүүнү суранган кардарлар болобу?

Рассмотрение суда по делу Халимат Расуловой и Магомеда Расулова - Sputnik Кыргызстан
"Апа, мен күнөөлүү эмесмин!.." Чет жакта соттолуп кеткен кыргызстандыктар
Эдил: Бир нече жыл мурда бир аял кайрылган. Көз жарганда балдарынын эгиз экенине ишенип, бир кызын уурдап алышты деп шектенген. 80-жылдардын аяк ченинде ал үй-бүлө Германияга көчүп кетет. 2015-жылга чейин ал Кыргызстанда бир кызы калганына ишенип жашап келген. Билбейм, балким акыл-эси жабыркаганбы же төрөттөн кийинки узакка созулган депрессиябы, айтор, Бишкекке келгенден кийин ал айым бизге кайрылды.

Из кубарларга 30 жыл абалкы окуяны иликтөө милдети тагылды. Архивде толук маалыматтар супсак тастыктамалар түрүндө гана сакталган. Кардарыбыздын врач-акушерин, жанындагы палаталаштарын таптык. Бардык маалыматтарды топтоо үчүн өлкөнүн жарымын кыдырдык.

Иш көп жыл мурда болгондуктан, врач бейтабын эстей албайт го дегенбиз. Аны издеп тапканыбыздын өзү эле керемет болду. Бирок ал эстеди, анткени, толгоо узакка созулуп, төрөт абдан татаал болгон экен. Доктур биздин кардарыбыз бир гана кыз төрөгөнүн айтып берди.

Маалыматтарды кардарга сундук. Алар башка жыйынтык күтүп жаткан. Бирок чындык башка болчу. 

© Sputnik / Максат ЭлебесовДетектив Улумбек Улукахунов: жеке аңдуучу ишмердиги боюнча органда үч жылдан кем эмес тажрыйбасы бар адам гана алектенет
Детектив Улумбек Улукахунов - Sputnik Кыргызстан
Детектив Улумбек Улукахунов: жеке аңдуучу ишмердиги боюнча органда үч жылдан кем эмес тажрыйбасы бар адам гана алектенет

— Эгер органда иштеп турган маалыңызга кайрылсак, эң биринчи бетин ачкан ишиңиз кандай эле?

Улумбек: Милицияда жыйырма жыл иштедим. Биринчи кайсы ишти алпарганым эсимде жок, бирок алгачкы ачылган киши өлтүрүү кылмышы жадымдан түк чыкпайт.

Жаш жубайлар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жубайларга байланыштуу 11 "болбойт"
Айылда бир кишини баңгилер сабап салышат. Жатып калып, жардам сурап жалбарган. Бирок айылдыктар аны мас деп ойлоп, эч кимиси көңүл бурбай өтүп кете беришкен. Ошентип ал кишини ур-токмоктон эмес, сууктан тоңуп өлгөн, чындап келгенде аны адамдардын кайдыгерлиги өлтүргөн. Ошол баарынан коркунучтуу.

Аны сактап калууга болот болчу. Маркумга балдар тийишип жатканын көргөн бир кыз башкы күбө катары өткөн. Ал кыз аларга арачы боло алган эмес, чочулаган, бирок кийин да эмнеге кабарлабай койгонун түшүндүрө алган жок. Сабаган балдарга канча жыл жаза берилгени так эстей албайм, балким алар эбак азат болгон чыгар. Бирок, билесизби, азыркыга дейре эгер коңшулар ошол кишинин жанынан кайдыгер өтүп кетпегенде баары башкача бүтмөк деген ой кое бербей келет.

— Аңдуу учурунда жашыруун камера, тыңдай турган техникаларды пайдаланасыздарбы?

Эдил: Жок, биз объектини көчөдө, коомдук жайларда аңдып, анын сүйлөшкөндөрүн тыңдоого гана укугубуз бар, жеке мейкиндигин бузбаган, мыйзамдуу ыкмалар менен гана маалыматтарды топтой алабыз.

— Ээ? Сиздердин аңдып жүргөнүңүздөрдү аныктоого мүмкүнбү?

Улумбек: Жөнөкөй адам биле албайт. Бардык сырды ачык айтууга акыбыз жок, бул биздин ишибиз.

— Кызматыңыздардын акысы канча турат?

Эдил: Баары иштин татаалдыгына жараша болот.

— Сиздин кеңсеге кимдер ишке орношо алат?

Улумбек: Жеке аңдуучу ишмердиги боюнча органда үч жылдан кем эмес тажрыйбасы бар адам гана алектенет. Сиздин шансыңыз жок (күлүп).

Жаңылыктар түрмөгү
0