БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Улуттук банкттан берилген лицензиясы жок чет элдик валюта алмаштырып иштеп жүргөн Ош облусунун тургуну 100 миң сомдук айыпка жыгылды. Бул тууралуу өлкөнүн башкы каржы көзөмөл борборунан билдиришти.
Аталган факты Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл аймагындагы жаңы автобекетте катталган.
Мыйзам боюнча ал жаран акча алмаштырып иштөө үчүн Улуттук банктан лицензия алышы керек болчу.