БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. 23-сентябрга караган түнү борбор калаада жүргөн рейд учурунда мас абалында машина айдап жүргөн 20 киши кармалса, алардын бешөө аялдар болуп чыкты. Бул тууралуу Бишкек ШИИБ билдирди.
Мас болуп унаа айдап жүргөн кыз-келиндердин эң жашы 21 жашта. Андан сырткары, Toyota Land Cruiser автоунаасын айдап жүргөн 23 жаштагы кыз мас абалында гана болбостон, машинаны документи жок айдап жүргөн.
Жолдо жүрүү эрежесин бузгандарга карата административдик протокол түзүлдү.
Кармалгандардын арасында 20 айдоочу мас абалында, 15инин документи жок, 60сы жолдогу белгилерге баш ийген эмес. Андан башка дагы алтымыштай эреже бузган айдоочулар кармалган. Рейддин жыйынтыгында 36 машина айып короого токтотулган.