БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Бишкек шаарында өлкөдөгү хирургдардын конгресси өтөт. Бул тууралуу Улуттук хирургия борборунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, "XXI кылымдын хирургиясы: жетишкендиктер жана келечек" темасындагы төртүнчү конгресс 30-сентябрь жана 1-октябрь күндөрү өкмөттүн колдоосу менен болмокчу.
Иш-чара академик, эл баатыры Мамбет Мамакеевдин 90 жылдык мааракесинин урматына уюштурулуп, анда Мамакеевдин музейи ачылат.
Мындан сырткары, хирургдар, окумуштуулар илимий докладдарын окушат.