БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Бүгүн Кыргызстанда биринчи жолу жаш окумуштуулардын эл аралык форуму болорун Sputnik Кыргызстан агенттигине Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин маалымат кызматынан билдиришти.
Иш-чара Россия менен Кыргызстандын билим берүү министрликтеринин каржылоосунда ишке ашат.
"Форумдун ачылыш аземи Политехникалык окуу жайдын имаратында болмокчу. Мында эл аралык илимий конференция менен кошо жаш илимпоздордун көргөзмөсү болот. Ага Россиянын ЖОЖдорунан 23 ректор жана Казакстан менен Тажикстандан келген 98 студент катышат", — деп айтылат билдирүүдө.
Форум 22-сентябрда Ысык-Көлдө уланмакчы.