БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Мексикадагы жер титирөөдөн улам каза болгондорго байланыштуу өлкө президенти Энрике Пенья Ньетого көңүл айтты.
"Каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө терең кайгыруу менен көңүл айтып, жабыркагандар тезирээк сакайып кетишине тилектешмин", — деп айтылат телеграммада.
Мексикадагы кечээки зилзаладан каза тапкандардын саны 230га жетти. Адистердин айтымында, жер титирөөнүн күчү 7,1 магнитудага жеткен.