Жекшембиге карата аба ырайы

Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет

БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Жекшемби күнү өлкө аймагында жаан-чачын болбойт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

"Бишкек менен Ош шаарларында күн ачык болуп, 28…29 градуска чейин жылыйт", — деп жазылат маалыматта.

Чүй, Талас облустарында 21…26, Ош, Жалал-Абад жана Баткенде 24…29, Ысык-Көлдө 20…25, Нарын облусунда 21…26 градус жылуу болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0