БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Бишкекте азык-түлүк жана айыл чарба техникаларынын эл аралык көргөзмө-жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Соода-өнөр жай палатасынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш-чара борбор калаада 21-25-сентябрь күндөрү өтүп, ага чет элдик компаниялар келет.
"Көргөзмөгө жети өлкөдөн келген 60 компания катышат. Анда өндүрүүүчүлөр, товар жеткирүүчүлөр жана кызыктар тараптар бири-бири менен келишим түзүп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзө алышат", — деп жазылат маалыматта.
Аны Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги менен Соода-өнөр жай палатасы уюштурууда.