БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Кыргызстандык Алтынай Абдымомунова Тайванда өтүп жаткан Global Charity Queen эл аралык сулуулук сынагында өлкө намысын коргойт. Бул тууралуу конкурстун Facebook баракчасында маалымдалды.
Дүйнөнүн булуң-бурчунан келген 50 сулуу катышып жаткан конкурс 12-сентябрда башталган, 24-сентябрга чейин уланат. Конкурстун финалдык бөлүгү Тайвандын Пэнху аймагында 23-сентябрда өтөт.
Конкурс быйыл биринчи жолу провинция өкмөтүнүн колдоосу менен өтүп жатат.
Буга чейин Алтынай Абдымомунова "Кыргызстан сулуусу — 2017" сулуулук сынагына катышып жатып финалдык бөлүктүн алдында мелдештен четтетилген. Конкурстун уюштуруучусу Таттыбүбү Самидин кызы менен Абдымомунова тил табыша албай койгон. Мелдеш аяктары менен Абдымомунова жана үч катышуучу "Кыргызстан сулуусу — 2017" сулуулук конкурсунун уюштуруучуларына карата арыз жазып, милицияга кайрылган. Бирок кылмыштын белгилери болбогондуктан иш козголгон эмес.