БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Бишкекте капиталдык ремонттон кийин жети көчө колдонууга берилгендигин шаар мэриясынын маалымат кызматынан билдиришти.
Ага ылайык, төмөндөгү көчөлөр ачылды:
- Шабдан баатыр көчөсү Исакеевден Кийизбаева көчөсүнө чейин;
- Литовская көчөсү Кийизбаевадан Шабдан баатырга чейин;
- Безымянная көчөсү Тыналиевден №95 мектеке чейин;
- Жаманбаев көчөсү Манас проспектисинен Шота Руставелиге чейин;
- Жал-23 кичи районундагы Безымянная көчөсү Ахунбаевден №72 мектепке чейин;
- 11-кичи райондогу №20, 19, 18, 21/1,17,6 үйлөрдү бойлой кеткен Куттубаев көчөсү;
- Миңжылкиев көчөсү Тыналиевден Курчатовго чейин;
- Ошондой эле Гроздь айлылындагы жаңы көрүстөнгө алып барчу жол оңдолду.
"Бишкекасфальтсервис" ишканасынын планы боюнча шаардын дагы 56 көчөсүндө оңдоо иштерин жүргүзүү зарыл.
Дагы 47 көчө реконструкцияланып жатат.