БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Тажикстандын Хорог шаарындагы аэропорттун жетекчиси Дилдор Максудшоев президенттин тик учагын узатып жатып каза тапканын Sputnik Тажикстан агенттиги жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, кырсык кечээ түштөн кийин тажик президенти Эмомали Рахмонду Дарваз районунан Душанбе шаарына узатып жатканда болгон. Максудшоев тик учакка өтө эле жакын турган. Кеменин абага көтөрүлүшүнөн пайда болгон катуу шамалдан улам бутунун алдындагы килем түрүлүп, ага кошо оролуп кеткен Максудшоев ташка барып урунган да, катуу жаракат алып, ооруканага бараткан жолдо каза болгон.
Укук коргоо органдары кырсыкты кокустук деп баалоодо.
60 жаштагы директордун тажиясы бүгүн Хорог шаарында болмокчу.