БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Ош облусунун Кара-Суу районунда адамдын өлүмүн алган жол кырсык болду. Бул туурасында облустук Кайгуул милициясынын маалымат катчысы Айбек Бечелов кабарлады.
Окуя 13-сентябрда болжол менен саат 13:30дар чамасында Кара-Суу районунун Кайрыгач айылында болгон.
Окуя 13-сентябрда болжол менен саат 13:30дар чамасында Кара-Суу районунун Кайрыгач айылында болгон.
"Daewoo Leganza автоунаасында отурган 62 жаштагы айдоочу жолдун каршы тилкесине чыгып кетип, төрт машина менен сүзүшүп, оорукананын кайра жандандыруу бөлүмүндө жан берген. Анын унааны мас абалында айдаганы белгилүү болду", — деп билдиришти Кайгуул милициясынан.
Ал эми башка унаадагы калган кишилер жеңил жаракат алышкан. Учурда тергөө жүрүп жатат.