БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети өлкөнүн бир катар шаарларын таза суу менен камсыз кылууга жана канализация системасын оңдоого багытталган мыйзам долбоорун карап чыкты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, Өзгөн, Майлуу-Суу, Токтогул жана Балыкчы шаарларын таза суу менен камсыз кылуу жана канализациясын оңдоо боюнча Кыргызстан менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосунда келишим түзүлгөн.
"Келишимдин негизинде Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы 15 жана 25 жылдык мөөнөткө Өзгөн шаарын таза суу менен камсыздап, канализациясын оңдоп-түзөөгө 8,5 миллион евро жана 2,75 миллион доллар, Майлуу-Суу шаарына 6,65 миллион евро жана 1,6 миллион АКШ доллар, Токтогул шаарына 5,3 миллион евро жана 1,21 миллион доллар, ал эми Балыкчыга 5,3 миллион евро жана 1,21 миллион доллар өлчөмүндөгү насыя жана грант бөлмөкчү", — деп жазылат маалыматта.
Комитеттин жыйынында аталган шаарлардын мэрлери эгер калаа тургундарына суткасына 24 саат таза суу бериле турган болсо, ошого жараша сууга болгон бааны төлөөгө даяр экендигин баса белгилешти.
Жыйынтыгында аталган ратификациялык мыйзам долбоорлору жактырылды.