БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Бейшембиде тоолуу райондордо жаан жаап, калган аймактарда күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Ага ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Чүй менен Талас өрөөнүндө 22…27, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында 24…29, Ысык-Көл, Нарында 19…24 градус жылуу болот. Ош менен Бишкек шаарларында күн ачык болуп, абанын температурасы 27 градуска чейин көтөрүлөт.