Баткен менен Бишкектин айрым жеринде газ жок болот

© AFP / JOE KLAMARПодача газа в Австрии
Подача газа в Австрии - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Оңдоо иштери калкты көгүлтүр от менен үзгүлтүксүз камсыздоо максатында жасалууда

БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Бишкек шаары менен Баткен облусунун айрым аймагында газ берүү токтой турганын "Газпром Кыргызстан" ишканасы билдирди.

Маалыматка ылайык, көгүлтүр от Баткендин Үч-Коргон айылында 14-сентябрда өчсө, Бишкектин Арал, Дачная көчөлөрүндө 18-19-сентябрь күндөрү газ болбойт.

Ишкананын тараткан билдирүүсүндө оңдоо иштери калкты жаратылыш газы менен үзгүлтүксүз камсыздоо максатында жасалып жатканы кошумчаланган.

Жаңылыктар түрмөгү
0