БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Киев шаарындагы атышуудан алдын ала маалымат боюнча эки кыргызстандык жабыр тартты. Бул тууралуу полицияга шилтеме берип РИА Новости жазды.
Жергиликтүү ЖМКлардын жазганына караганда, 8-сентябрь күнү Киевде унаалар куушуп, алардын ортосунда ок чыккан.
"112 Украина" телеканалына Киев полициясынын жетекчиси Андрей Крищенконун айтып бергенине караганда, ок тийген Porsche унаасынын ичинде Кыргызстандын жарандары болгон.
"Эки адам тең катуу жабыр тартыптыр, ок бирөөнүн курсагына тийген. Алдын ала маалыматтарга караганда жабырлануучулар кыргызстандыктар. Азыр алардын жашоосуна эч коркунуч жок деп ишене туралы. Porsche унаасы кылмышкерлердин өз ара атышуусуна капысынан эле кабылып калды”,— деди Крищенко.
Бул факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 115-беренесинин (Эки жана андан көп адамдын өмүрүнө кол салуу) негизинде кылмыш иши козголду.