Ишембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Исмаил МамытовОш шаары. Архив
Ош шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет

БИШКЕК, 8-Сен. — Sputnik. Ишемби күнү өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Ага ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Чүй менен Талас өрөөнүндө 27…32 градус, Ош, Жалал-Абад жана Баткенде 29…34 градус, Ысык-Көл менен Нарын облустарында 24…29 градус жылуу болот.

Бишкек шаары менен Ош калаасында күн ачык болуп, 32 градуска чейин ысыйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0